# 36-берене. Активдерди сатуу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 36-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-36

---

1. Жоюлуп жаткан банктын акчалай эмес активдерин топтоо боюнча жана аларды алгылыктуу рыноктук баада токтоосуз сатып өткөрүү боюнча ишти жүргүзүү атайын администратордун негизги милдети.

Бул пунктта камтылган милдеттер, эгерде активдерди сатып өткөрүү мүмкүн эмес болсо, аларга жетиштүү суроо-талаптын жоктугунан улам, төмөндөтүлгөн баада болсо, же ажыратуу боюнча чыгымдар активдердин наркынан ашып кетсе, болбосо кандайдыр бир жүйөлүү себептердин негизинде аны алгылыктуу баада сатып өткөрүү мүмкүн болбосо же алар олуттуу түйшүктөргө дуушар кылса, өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, мындай учурда атайын администратор ушул Мыйзамдагы жоболорго ылайык ошол активдерге карата банктын укуктарынан баш тартууга укугу бар.

2. Банк тарабынан кредиттердин берилишинин натыйжасында келип чыккан банктын алдындагы карыздардан тышкары («банктын дебитордук карызы») кайсыл активдерди сатууда болбосун атайын администратор эң оболу, өзүнүн ниети жөнүндө кредиторлорго жана потенциалдуу сатып алуучуларга кабарлоо максатында, активдерди сатуу жөнүндө билдирүү жарыялайт.

3. Атайын администратор, эгерде ал ошол дебитордук карыздын чоң суммасын өз алдынча өндүрүп алуу мүмкүн эмес деген (активдерди өндүрүп алууга кеткен убакытты жана акчалай чыгымдарды эске алуу менен) чечимге келсе, банктын дебитордук карызын жеңилдиктери менен башка банкка же үчүнчү жакка кайсы учурда болбосун сатууга укуктуу.

Атайын администратор болор мезгилдерде жандырыла тургандарды кошкондо, банктын дебитордук карызын өндүрүп алууга болот деп эсептесе, ал бул активдерди сатууга милдеттүү эмес жана карызкордон тиешелүү суммаларды өндүрүп алууга аракет жасашы мүмкүн.

4. Атайын администратор, кайсы активди болбосун алгылыктуу рыноктук баада сатууда, эч бир кредитордун алдында жоопкерчилик тартпайт. Алгылыктуу рыноктук баа активдерди ачык сатууга коюу жана бир кыйла жогорку баадагы сунушту тандап алуу жолу менен аныкталат.

Активди мына ушундай жол менен сатууга коюу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык бир нече потенциалдуу сатып алуучулардан (эгерде мындай бир нече сатып алуучулар болсо) суроо-талаптар алынгандан кийин ачык аукцион, конкурс аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Алынган сунуштун алгылыктуулугу атайын администратор тарабынан активдерди сатып өткөрүү боюнча өз милдеттерин эч негизсиз жолтоосу жок, ошондой эле активдерди сатуу аргасыздан улам, чектелген мөөнөттө жана ыңгайлуу жагдайларда сатылгандагыга караганда төмөн баада болушун эсепке алуу менен каралат.

5. Банктын дебитордук карызынын алгылыктуу рыноктук баасы банктын бухгалтердик документтеринде чагылдырылган карыздын суммасы менен эмес, банктын финансылык абалын жана мурда берилген кредит кайтарылбай калган учуру болгонбу, ошону эсепке алуу менен ашыкча күч-аракетти жумшабастан өндүрүлүп алынуучу суммада аныкталат. Атайын администратор тарабынан банктын дебитордук карызын үчүнчү тарапка сатууда, ошол карыздын рыноктук баасы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана түшкөн сунуштарды карап көрүү жолу менен гана аныкталышы мүмкүн.

6. Кайсы болбосун башка активдин алгылыктуу рыноктук баасы активди сатып алуу баасы же анын банктын же кайсыл бир карызкордун китептериндеги чагылдырылган баланстык наркы менен эмес, бирок ал сатуу же бүтүмгө келишүүгө даяр сатып алуучуну табуу боюнча тийиштүү жарнамалардан кийинки, актив үчүн берилген сумма менен аныкталат (б.а. бул баланстык нарк эмес, рыноктук баа болуп саналат).

7. Атайын администратор, банк тарабынан банктын карызкорунан алынган, күрөөнүн предметин билдирген мүлктү саткан учурда, күрөө жөнүндө келишимде белгиленген ошол күрөөнүн наркы да сатуу учурундагы анын наркы деп эсептелиши мүмкүн эмес, мында, атайын администратор аны ушул берененин 6-пунктуна ылайык бир кыйла төмөн баада сатуута укуктуу.

8. Ушул берененин 6 жана 7-пункттарынын негизинде атайын администратор тарабынан жүргүзүлгөн наркты баалоо талаш-тартышка жатпайт, эгерде кредитор 10 жумушчу күндүн ичинде зарыл каражаты болгон жана актив же күрөөнүн предмети үчүн атайын администратор тарабынан алынганга караганда, бир кыйла жогорку баада төлөп берүүнү сунуштаган үчүнчү жактын бар экендигин далилдей албаса.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-37)
