# 35-берене. Атайын администратордун милдеттери

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 марта 2005 года № 47 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/1642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399#diff=791046..791047>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 35-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-35

---

1. Атайын администратор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банкроттоо процессинин башталгандыгы, жүргүзүлгөндүгү жана аяктагандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жана берүүгө;

2) өзүнүн дайындалган учурунан тартып башка тараптардын банктын алдындагы карыздарын жана башка милдеттенмелерин, ошондой эле банкроттук процесси башталгандан кийин банк сатып алган же сатып ала турган активдерди жана милдеттенмелерди кошкондо, банктын ишин башкарууну жана контролдукту жүзөгө ашырууга;

3) банктын бардык активдеринин сакталып турушун камсыз кылууга жана банкроттоо процессине кеткен чыгымдардын ордун жабуу үчүн активдердин жетиштүүлүгүн аныктоо максатында анын финансылык абалына талдоо жүргүзүүгө;

4) ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен накталай формага ээ болбогон бардык активдерди кыска мөөнөттө сатууга (ажыратууга) жана активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттарды ушул Мыйзамда каралган тартипте жана эрежелер боюнча кезектүүлүктү сактоо менен кредиторлордун ортосунда бөлүштүрүүгө;

5) соттун, Улуттук банктын жана кредиторлордун комитетинин алдында ушул Мыйзамда белгиленген көлөмдө жана тартипте отчет берүүгө, ошондой эле тийиштүү учурларда юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн мамлекеттик органга маалымдап турууга;

6) банктын бардык чыгыш документтеринде (каттарда, факстык билдирүүлөрдө, эсеп-фактураларда, финансы документтеринде ж.б) банкка карата банкроттоо процесси жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтын камтылышына көз салууга;

7) эгерде банктын имараттары, жабдуулары же башка мүлкү калктын жана коомчулуктун коопсуздугу үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген учурда, коркунучту четтетүү үчүн зарыл каражаттарды караштырууга. Эгерде банктын активдери жетишсиз болсо, атайын администратор өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органга кайрылат;

8) банктын кредиторлору дуушар болгон чыгымдарды өндүрүп алуу үчүн бардык мүмкүн болуучу чараларды көрүүгө жана банкроттоо процессинде өз функцияларын тийиштүү түрдө жузөгө ашыруусуна атайын администраторго тоскоолдук кылган, укукка жатпаган аракеттерди жасашкан адамдарды мыйзамда каралган жоопкерчиликтерге тартууга;

9) менчикти ушул Мыйзамдын жоболорун бузуу менен укукка жатпаган негизде үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилгендигин аныктоо максатында үчүнчү тараптар менен түзүлгөн келишимдерге талдоо жүргүзүүгө;

10) банкты банкроттоо процессинде өзүнө жүктөлгөн милдеттерди, бардык кредиторлордун укуктарын жана мыйзамдык таламдарын эске алуу менен ак ниеттүү аткарууга;

11) эгерде бул бүтүмдөр мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй анык эмес бүтүмдөрдүн белгилерине жооп берсе, сот тарабынан банкты банкрот деп таануудан кийинки үч жыл ичинде, ошол банк тарабынан ишке ашырылган бүтүмдөрдү анык эмес деп таануу жөнүндө сотко кайрылууга;

12) банктын уюмдаштыруучуларын (катышы барларды), директорлор (байкоо кеңешинин) кеңешинин мүчөлөрүн, банктын жектекчилерин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банктын милдеттенмелери боюнча субсидиардык жоопкерчиликке тартуу тууралу талабы менен сотко кайрылууга;

13) жоюлуп жаткан банктын бухгалтердик жана статистикалык отчетторун Улуттук банк тарабынан белгиленген тизмеге жана тартипке ылайык Улуттук банкка ай сайын берип турууга;

14) банкты банкроттоо процессинде банк операцияларын жүргүзүүгө лицензиясы кайтарылып алынгандан кийин, банк тарабынан ишке ашырылган бүтүмдөр (банктын учурдагы коммуналдык жана эксплуатациялык төлөөлөрүнө, ошондой эле эмгек келишими (контракт) боюнча иштеп жаткан адамдарга жөлөкпулдарды жана эмгек акыларды төлөөгө байланыштуу бүтүмдөрдү кошпогондо) табылган учурда, атайын администратор, жогоруда көрсөтүлгөн бүтүмдөргө карата ишке ашырылбаган анык эмес кесепеттүү бүтүмдөр катары колдонуу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга;

15) кредиторлордун талаптарынын реестрин түзгөндөн кийин атайын администратор банкроттоо процесси башталган күндөн кийинки 6 айдан кечиктирбестен аралык жоюу балансын түзөт, анда жоюлуп жаткан банктын мүлкүнүн курамы жөнүндө маалыматтар, кредиторлор койгон талаптардын тизмеси, ошол талаптарды кароонун натыйжалары камтылууга тийиш.

16) кредиторлордун чогулушун чакыруу жөнүндө жарыялайт.

(КР 2005-жылдын 10-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-36)
