# 34-берене. Келишимдин негизинде үчүнчү жактын карамагында турган банктын активдерине карата атайын администратордун укуктары

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 34-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-34

---

1. Атайын администратор банкроттоо жол-жобосун киргизүүгө чейин келип чыккан банктын кандай милдеттенмесин болбосун аткаруудан баш тартышы мүмкүн, бирок мыйзамдык негизде колдонуудагы келишимге ылайык, анда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин үчүнчү жактын карамагында турган банктын мүлкүнүн кайтарылып беришин талап кылууга укуксуз. Эгерде үчүнчү жак менен түзүлгөн келишимде мүлктүн кайтарылып берилишине жол берилсе (мисалы, келишимдин шарттарын бузуу же банктын жоюу учурунда), анда атайын администратор мүлктүн кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

Атайын администратор үчүнчү тараптын банкка тиешелүү эсептердин жана бухгалтердик документтердин көчүрмөлөрүн талап кылууга укуктуу.

2. Атайын администратор үчүнчү жактын карамагында турган менчиктин кайтарылып берилишин талап кылууга укугу болбогон учурларда, ошондой болсо да үчүнчү тараптын укуктарын бузбастан, келишимде белгиленген мөөнөттүн бүтүшүнө чейин эле ошол менчик карамагында турган үчүнчү тарапка алдынала кабарлоо менен банктын милдеттенмелерин өзүнө алууга ниеттенген башка бир тарапка, келишимге байланыштуу ошол мүлктү сатууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-35)
