# 32-берене. Атайын администратордун укуктары

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 декабря 2006 года № 220 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/202017)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399#diff=791048..791049>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 32-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-32

---

1. Кредиторлордун кызыкчылыгында банкроттоо процессинин милдеттерин жана функцияларын аткаруу максатында, атайын администратор төмөнкүлөргө укугу бар:

1) кредиторлордун талаптарын оптималдуу канааттандыруу максатында банктын бардык активдери менен укукченемдүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кандай аракеттерди болбосун жүргүзүүгө, банктын алдында карыздарды өндүрүү боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле мыйзамдардын талаптарына ылайык банктын мүлктөрүн издөөгө, табууга жана кайтарып алууга багытталган чараларды көрүүгө.

Карызды өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо менен кайрылууда атайын администратор бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катары бардык соттордо мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулат;

2) кандай менчикке карата болбосун менчик укугун же башка укуктарды бекер өткөрүп берүүгө, ошондой эле алардан баш тартууга, эгерде алар банктын дебитордук карызына байланыштуу укуктарды кошкондо, киреше менен ажыратылышы (сатылышы) мүмкүн болбосо;

3) киреше алып келбеген же болбосо милдеттенмелердин түптөлүшүнө алып келген (кредиторлордун же юридикалык жактан анык милдеттенмелерди же милдеттерди аткаруудан баш тартуусунун натыйжасында, аларга келтирилген чыгымдарга карата банкроттоо процессинде банктын кредиторлору боло турган, бүтүмдөргө келишкен кредиторлордун же тараптардын талаптарын канааттандыруусуз) аткаруудагы бүтүмдөрдү кошкондо, банктын кандай милдеттенмелери болбосун баш тартууга;

4) кредиторлордун талаптарынын негиздүүлүгүн текшерүүгө жана талаптар негизсиз болгон учурда, аларды толугу менен же жарым-жартылай четке кагууга;

5) мыйзамдарда каралган кандай ыкмада болбосун мүлктүк комплексти (бүтүн бойдон же бөлүк-бүлөк боюнча), банктын активдерин, ошондой эле банкроттоо процессинде түзүлгөн жаңы юридикалык жакты (же жактарды) сатууга же ажыратууга. Карызкордун мүлкүн сатып өткөрүүдө ал салыктардын, жыйымдардын жана алымдардын бардык түрүнөн бошотулат;

6) кайсы жеке жак болбосун:

а) банкроттоо процесси башталгандыгы жөнүндө чечимдин кабыл алынышына чейинки бир жыл ичинде банк менен иш боюнча же башка мамилелер менен байланыштуу болгон;

6) банкка катышы бар же банк менен байланыштуу адамдардан, ошондой эле банкроттоо процесси козголгонго чейинки беш жыл ичинде жогорудагыдай болуп саналышкан адамдардан маалыматтарды суратууга жана алууга;

7) банкка жана анын ишине тиешелүү кандай гана болбосун бухгалтердик китептерди, отчеттулукту же башка документтерди талап кылууга жана өз тескөөсүнө алууга;

8) өз иши үчүн ушул берененин 2-пунктунда аныкталган, сот тарабынан белгиленген тартипте сый акыларды алууга;

9) ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерди жана тартиптерди сактоо менен кредиторлорго жарым-жартылай төлөмдөрдү жүргүзүүгө;

10) банкроттоо процессин жүргүзүүнүн жүрүшүндө талаш маселелер келип чыккан учурда сотко кайрылууга;

11) банктын активдерин инвентаризациялоого жана баалоого; көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашыруу үчүн атайын администратор алардын көрсөткөн кызматтарына банктын активдеринин эсебинен төлөп берүү менен баалоочуларды жана башка адистерди тартууга укуктуу;

12) активдерди аукцион аркылуу сатууда баштапкы бааны белгилөөгө; атайын администратор эң аз бааны белгилөөгө укуксуз. Жарыяланган аукциондордо ал активдерди эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучуларга сатууга тийиш;

13) ушул Мыйзамга же башка мыйзамдарга каршы келбеген, банкроттоо процессинин натыйжалуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

2. Атайын администратордун сый акысы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөрүнүн 20дан кем эмес өлчөмүндө белгиленет.

Атайын администраторго сый акынын өлчөмү карызкордун, болбосо Улуттук банктын негиздүү арызы боюнча сот тарабынан азайтылышы мүмкүн. Атайын администраторго сый акыны төлөп берүү карызкордун активдеринин эсебинен жүргүзүлөт жана банктын банкроттоо процессиндеги чыгымдарына чегерилет. Атайын администраторго сый акы төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

- өз милдеттерин аткаруу мезгили үчүн учурдагы (ар айлык) төлөмдөрдөн;

- кредиторлордун талаптарын канаттандыруу үчүн өндүрүлгөн каражаттардын эсебинен, анын ишинин натыйжасы боюнча кошумча төлөмдөрдөн. Атайын администраторго учурдагы (ар айлык) төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөрүнүн 20 өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Атайын администраторго кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү милдеттенмелерге байланбаган жогорку ликвиддүү активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн суммаларды кошпогондо, кредиторлордун талаптарын канааттандырууга багытталуучу каражаттардын 5 пайызынан ашпоого тийиш. Банкроттоо жол-жоболорун жүргүзүүдө активдер жетишпеген учурда атайын администратор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөрдүн 20 өлчөмүндө учурдагы (ар айлык) төлөмдөрдү гана алууга укуктуу. (КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-33)
