# 28-берене. Юридикалык жактарды жана банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча органды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик органды маалымдоо

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 марта 2005 года № 47 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/1642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399#diff=791046..791047>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 28-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-28

---

1. Мамлекеттик реестрге тиешелүү жазууларды киргизүү үчүн атайын администратор, банкроттоо процессин баштоодо, аяктоодо же токтотууда юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарга үч күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндөгү кабардаманы учурдагы же жоюу балансын кошо тиркөө менен жөнөтүүгө милдеттүү.

Атайын администратор ушундай эле маалыматты банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча мамлекеттик органга да жөнөтүүгө милдеттүү.

2. Банкроттоо процесси бүткөн учурда банктын бардыгы жөнүндө жазуу мамлекеттик реестрден алынып салынат, юридикалык жактардын реестринен чыгарылат жана анын иши токтотулду деп эсептелинет.

3. Юридикалык жактарды каттоону өткөрүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын ушул беренеде келтирилген аракеттери жоючунун тиешелүү кабарламасын алгандан кийинки 10 күндүн ичинде ишке ашырылууга тийиш.

4. Банкроттоо процессинин бүтүшү менен бардык бухгалтердик жана башка иш-кагаздар сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондусуна жөнөтүлөт.

(КР 2005-жылдын 10-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-29)
