# 24-берене. Банкроттоо процессин козгоонун негиздери

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 декабря 2006 года № 220 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/202017)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.12.2006 [Закон КР от 28 декабря 2006 года № 220 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/202017); 21.08.2006 [Закон КР от 21 августа 2006 года № 176 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О консервации, ликвидации и банкротстве банков»](https://aqlex.ai/kg/doc/1968)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399#diff=791048..791049>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 24-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-24

---

1. Эгерде төлөө мөөнөттөрү келип жеткен учурда, банк кредитордун карыздарды төлөө жана башка милдеттенмелерди аткаруу боюнча укук ченемдүү талаптарын канааттандырбаса, канааттандыруудан баш тартса же канааттандырууга жөндөмсүз болсо, же анын капиталынын адекваттуулугунун көрсөткүчү талап кылынган деңгээлден төмөн болсо, же банктык көзөмөл органынын эсептөөлөрү боюнча банктын милдеттенмелери анын активдеринен ашып турган учурда, банк төлөөгө жөндөмсүз деп эсептелинет жана банкрот деп таанылышы мүмкүн.

Эгерде кредитор жеке же юридикалык жак болуп саналганына карабастан, кредитордун карызкор банкка карата талаптары эсептик көрсөткүчтөрүнөн кем эмести түзсө, төлөөгө жөндөмсүз банкка карата банкроттоо процесси козголушу мүмкүн. Карыздын эң аз өлчөмүн аныктоо үчүн (милдеттенмелердин шарттары боюнча чегерилген пайыздарын кошкондо, карыздын негизги суммасы), мыйзам же келишим тарабынан белгиленген милдеттерди аткарбай койгондук же тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бышманалардын (айып төлөмдөрдүн, туумдардын) төлөнүүгө тийиш болгон суммаларын эсепке албаганда, акча милдеттенмелеринин өлчөмү эске алынат. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү Улуттук банк тарабынан белгиленүүгө жана сот аркылуу таанылууга тийиш. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн белгилениши аны банкрот деп таанууга жана ушул Мыйзамга ылайык банкроттоо процессинин башталышы катары сотко арыз менен кайрылуунун негизи болуп саналат. Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү белгиленген учурда, банктык лицензия кайтарылып алынууга тийиш.

2. Банкка карата банкроттоо процесси төмөндө келтирилген негиздердин бири орун алган шартта козголуута тийиш:

1) Улуттук банк тарабынан банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү аныкталган учурда;

2) эгерде кайсы категориядагы болбосун банктын капиталы Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдик талаптардын 25 пайыздан кемин түзө тургандыгы Улуттук банк тарабынан белгиленсе;

3) эгерде банктын активдеринин наркы банктын милдеттенмелеринин наркынан төмөн экендиги Улуттук банк тарабынан белгиленсе.

3. Банкка карата банкроттоо процессин козгоодо, төмөндө келтирилгендер эске алынбайт:

1) ал төлөөгө тийиш болгон карыздарды келечекте төлөөгө банктын мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы;

2) банктын акционерлеринин жана/же потенциалдуу инвесторлорунун колунда банктын активдерине, анын өткөндөгү пайдаларына кирбеген финансылык резервдердин олуттуу суммасынын бардыгы, бедели ж.б.;

3) Лицензияны кайтарып алуу жөнүндө Улуттук банк тарабынан чечим кабыл алынып жаткан учурда, белгисиз болгон же жок болгон банк көрсөткөн кошумча фактылар жана документтер.

4. Банктын банкроттугу учурунда ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 4-пунктунун жоболору колдонулат.

5. Ушул Мыйзамда каралган негиздер орун алганда, төлөөгө жөндөмсүз банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу (банкроттоо процесси), банктардын банкрот болушун алдын алуу боюнча чараларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонуусуз эле дароо башталышы мүмкүн.

6. КР 2006-жылдын 21-августундагы № 176 Мыйзамына ылайык алынып салынды

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 176 Мыйзамынын, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 220 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-25)
