# 22-берене. Банкты банкроттоо негиздери боюнча эмес, мажбурлап жоюу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 22-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-22

---

1. Банкты банкроттоо негиздери боюнча эмес, мажбурлап жоюу жол-жобосу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган кандай негиздери боюнча болбосун жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте козголушу мүмкүн.

2. Улуттук банк, банк ишин жүзөгө ашырууга лицензияларды кайтарып алуу менен:

- дароо консерваторду дайындайт;

- сотко тийиштүү арыз менен кайрылат.

3. Банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө арыз Улуттук банкка келип түшкөн учурда, Улуттук банк мындай арызды колдоого алууга же колдобой коюута укуктуу. Эгерде Улуттук банк барызды колдобосо жана банктын лицензияларын кайтарып алуу тууралу чечим кабыл албаса, банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-23)
