22-берене. Банкты банкроттоо негиздери боюнча эмес, мажбурлап жоюу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банкты банкроттоо негиздери боюнча эмес, мажбурлап жоюу жол-жобосу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган кандай негиздери боюнча болбосун жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте козголушу мүмкүн.
2. Улуттук банк, банк ишин жүзөгө ашырууга лицензияларды кайтарып алуу менен:
- дароо консерваторду дайындайт;
- сотко тийиштүү арыз менен кайрылат.
3. Банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө арыз Улуттук банкка келип түшкөн учурда, Улуттук банк мындай арызды колдоого алууга же колдобой коюута укуктуу. Эгерде Улуттук банк барызды колдобосо жана банктын лицензияларын кайтарып алуу тууралу чечим кабыл албаса, банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо мүмкүн эмес.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-22" title="22-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>