# 19-берене. Резидент эмес банктардын филиалдарын жоюу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 19-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19

---

1. Жоюу жол-жобосу резидент эмес банктын кайсы болбосун филиалына карата козголушу мүмкүн:

1) эгерде 24-беренеде көрсөтүлгөн негиздердин кайсынысы болбосун, ал банк болуп саналган мындай мекемеге карата колдонулушу мүмкүн; же

2) Улуттук банктын өтүнүчү боюнча эгерде жоюу жол-жобосу анын башкы кеңсеси жайгашкан же негизги иши жүзөгө ашырылган өлкөдөгү резидент эмес банкка карата башталса.

2. Ушул главадагы жоболордун максаттары үчүн резидент эмес банктын кайсы филиалы болбосун, резидент эмес банктын калган бардык жергиликтүү мекемелерин жана резидент эмес банктын Кыргыз Республикасындагы иш алып баруусунун натыйжасында же ушул ишине байланыштуу башка негизде келип чыккан активдерин жана пассивдерин кошкондо, резидент эмес банктын жергиликтүү туунду банкы катары каралат.

3. Резидент эмес банктын филиалына карата жоюу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып, резидент эмес банк, ошол мекемеге дайындалган жоюучу (атайын администратор) тарабынан жүзөгө ашырылган же ошол жоюучунун (атайын администратордун) алдын-ала жазуу жузүндөгү уруксаты менен жүзөгө ашырылган операцияларды эске албаганда, Кыргыз Республикасында кандай банктык операциялар болбосун жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш.

4. Резидент эмес банктын мекемесине карата Кыргыз Республикасында козголгон жоюу жол-жобосу өз талаптарын канааттандыруу максатында ошол банктын чет өлкө активдеринин өндүрүүгө айландырууга резидент эмес банктын кредиторлорунун укуктарына чек койбойт.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-18)  
Кийинки берене: [19-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-1)
