# 19-9-берене. Банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын соттук эмес тартипте калыбына келтирүү

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 19-9-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-9

---

1. Атайын администратор реабилитациялоо планы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы документтер берилген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө берилген документтерди карап чыгууга жана эгерде берилген план «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын канааттандыра турган болсо, аны жактырууга жана аны чакыртып алган учурда карызкор банкта болгон банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын карызкор банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде берилген документтер коюлган талаптарга жооп бербесе, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы документтер берилген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө баш тартуунун себептерин түшүндүргөн жүйөлүү баш тартууну берүүгө милдеттүү.

Эгерде документтерди алган учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы баш тартуунун жүйөсүн бербей турган болсо, анда атайын администратор реабилитациялоо планын бекитүү жана сот тартибинде банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу. Эгерде атайын администратор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жүйөлүү баш тартуусу менен макул болбосо, анда атайын администратор сот тартибинде реабилитациялоо планын бекитүү жана банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү менен бирге реабилитациялоо планында каралган бардык талаптарды карызкор банк аткарганга чейин бул лицензиянын колдонулушун токтото туруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

4. Реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар карызкор банк тарабынан аткарылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аталган банкка банк операцияларын жүргүзүүгө толук лицензияны 10 календарлык күндүн ичинде берүүгө же андан ар кандай чектөөлөрдү алып салууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-8)  
Кийинки берене: [19-10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-10)
