# 19-8-берене. Соттун чечими боюнча банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 19-8-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-8

---

1. Сот тарабынан реабилитациялоо планы бекитилген учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 10 күндүк мөөнөттө аны чакыртып алганга чейин колдонулган карызкор банктын операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүүгө милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы карызкор банктын операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү менен бирге реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар карызкор банк тарабынан аткарылганга чейин бул лицензияны колдонууну токтото туруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

3. Реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар банк тарабынан аткарылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул банкка банк операцияларын жүргүзүүгө толук лицензия берүүгө же андан ар кандай чектөөлөрдү алып салууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-7)  
Кийинки берене: [19-9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-9)
