19-8-берене. Соттун чечими боюнча банк операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Сот тарабынан реабилитациялоо планы бекитилген учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 10 күндүк мөөнөттө аны чакыртып алганга чейин колдонулган карызкор банктын операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүүгө милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы карызкор банктын операцияларын жүргүзүү лицензиясын калыбына келтирүү менен бирге реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар карызкор банк тарабынан аткарылганга чейин бул лицензияны колдонууну токтото туруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
3. Реабилитациялоо планында каралган бардык талаптар банк тарабынан аткарылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул банкка банк операцияларын жүргүзүүгө толук лицензия берүүгө же андан ар кандай чектөөлөрдү алып салууга укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-19-8" title="19-8-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>