# 19-7-берене. Карызкор банкты реабилитациялоо планы

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 19-7-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-7

---

1. Карызкор банкты реабилитациялоо планы «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 104-беренесинин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

2. Карызкор банкты реабилитациялоо планы анын жоюлушун болтурбоо максатында карызкор банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган ар кандай кайра уюштуруу, уюштуруу-чарбалык, финансы-экономикалык, укуктук, техникалык, инвестициялык чараларды караштырышы мүмкүн, анын ичинде:

1) карызкор банк тарабынан активдердин баарынын же бир бөлүгүнүн сакталып калышын;

2) карызкор-банктын активдеринин ар кандай бөлүгүн сатууну (ээликтен ажыратууну) же бөлүштүрүүнү;

3) карызкор банкты мыйзамдарга ылайык кайра уюштурууну;

4) карызкор банк тарабынан мурда түзүлгөн келишимдердин шарттарын кайра каралышын, пайыздык ставкаларды өзгөртүүнү кошо алганда;

5) башкарууну (менеджментти) өзгөртүүнү;

6) карызды, өтмө укук акысынын төлөнүшүн кечүү, милдеттенмелердин жаңыланышы же болбосо милдеттенмелердин аткарылышын кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн узартуу, карыз жеңилдиктери же жарандык мыйзамдарда каралган дагы башка ыкмалар аркылуу карызкор банктын милдеттенмелерин токтотууну;

7) карызкор банктын милдеттенмелерин үчүнчү жактардын аткарышын;

8) иштеп жаткан карызкор банктарга карата колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдерин 12 айдын аралыгында карызкор банктын аткарышы боюнча милдеттенмени;

9) мыйзамдарга карама-каршы келбей турган дагы башка чараларды.

3. Атайын администратор реабилитациялоо планын аткарган учурда карызкор банктын жападан-жалгыз өкүлү болуп саналат.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-6)  
Кийинки берене: [19-8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-8)
