# 19-6-берене. Карызкор банкты реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тартуу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 19-6-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-6

---

1. Сот төмөндөгүдөй учурларда реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тартат:

1) реабилитациялоо планында күрөө менен камсыз болгон айрым кредиторлордун артыкчылыктарын же укуктары менен мыйзамдуу таламдарын кемсинткен шарттар камтылса, күрөө менен камсыз болгон кредитордун макулдугу болгон учурларды кошпогондо;

2) реабилитациялоо планында күрөө менен камсыз болгон үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги кредиторлордун артыкчылыктарын же мыйзамдуу укуктары менен таламдарын кемсинткен шарттар камтылса, айрым кредиторлордун макулдугу болгон учурларды кошпогондо;

3) реабилитациялоо планында үчүнчү жактардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын кемсинткен шарттар камтылса, үчүнчү жактардын макулдугу болгон учурларды кошпогондо;

4) эгерде «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген банкроттоо процессинин чыгымдарынын ордун толтуруунун тартиби бузулса;

5) эгерде реабилитациялоо планына коюлуучу талаптар сакталбаса же «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Мыйзам менен белгиленген реабилитациялоо планын кабыл алуунун тартиби бузулса;

6) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын дагы башка талаптары бузулса.

2. Сот реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат, ал даттанылышы мүмкүн. Сот тарабынан мындай аныктаманын чыгарылышы реабилитациялоонун жаңы планынын иштелип чыгышына жана кабыл алынышына тоскоолдук кылбайт.

---

Мурунку берене: [19-5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-5)  
Кийинки берене: [19-7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-7)
