# 19-5-берене. Карызкор банкты реабилитациялоо планынын сот тарабынан бекитилиши

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 19-5-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-5

---

1. Атайын администратор кредиторлордун чогулушу тарабынан реабилитациялоо планы кабыл алынган учурдан тартып 5 күндүк мөөнөттө реабилитациялоо планын бекитип берүү жөнүндө сотко арыз берүүгө тийиш.

2. Арызга:

1) реабилитациялоо планынын тексти;

2) кредиторлордун чогулушунун протоколу;

3) кредиторлордун даректерин жана карыздарынын суммасын көрсөтүү менен алардын тизмеси;

4) реабилитациялоо планынын кабыл алынышына добуш берүүгө катышпаган же ага каршы добуш берген (эгерде андайлар бар болсо) кредиторлордун жазуу жүзүндөгү каршы пикирлери тиркелүүгө тийиш.

3. Сот арызды сотко арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 күндүн ичинде карайт. Көрсөтүлгөн мөөнөт узартылышы мүмкүн эмес. Реабилитациялоо планын кароонун датасы жөнүндө сот реабилитациялоого катышуучу карызкор банкка, кредиторлорго, үчүнчү жактарга кабарлайт. Кабарланган адамдардын келбей коюшу ишти кароого тоскоолдук кылбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-4)  
Кийинки берене: [19-6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-6)
