# 19-4-берене. Кредиторлордун чогулушунун чечимдери

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 19-4-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-4

---

1. Карызкор банктын кредиторлору биринчи чогулушта төмөнкүлөрдү чечиши мүмкүн:

1) реабилитациялоо планын кабыл алууну;

2) планга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизүүгө жана аларды карызкор банкка сунуш кылууга тийиш, ал өзгөртүлгөн планды 14 календарлык күндүн ичинде кабыл алууга же четке кагууга тийиш. Өзгөртүлгөн план карызкор банк тарабынан четке кагылган учурда реабилитациялоо жол-жобосу ушул Мыйзамга ылайык атайын администрациялоо жол-жобосуна айланышы мүмкүн;

3) зарыл болгондо өз чечимин он төрт календарлык күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырууну. Бул мөөнөт аяктагандан кийин экинчи чогулуш чакырылат;

4) реабилитациялоо планын четке кагууну;

5) реабилитациялоо планын четке кагууну жана атайын администрациялоо жол-жобосун козгоону.

2. Эгерде чогулушка катышкан бардык кредиторлор жана карызкор банк бир добуштан добуш берсе, соттон тышкары тартипте реабилитациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алынды деп эсептелинет. Андай болбогон учурда реабилитациялоо жол-жобосу сот тартибинде гана жүргүзүлүүгө тийиш.

Эгерде кредиторлордун биринчи же андан кийинки ар кандай чогулуштарынын башка маселелери боюнча чечими карызкор банктын карызынын чогулушуна катышкандарга тиешелүү суммасынын 60 жана андан ашык пайызына талапкер болгон кредиторлор добуш беришсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Чогулушка катышпаган адамдардын карызынын суммасы эч кандай мааниге ээ болбойт.

3. Кредиторлор «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кредиторлор комитетин түзүүгө укуктуу.

4. Карызкор банк же ар кандай кредитор 7 календарлык күндүн ичинде кредиторлордун чогулушунун чечимине сотко даттанууга укуктуу. Бул учурда арыз берүүчү арызга реабилитациялоо планынын текстин жана кредиторлордун чогулушунун протоколун тиркөөгө тийиш.

5. Кредиторлордун андан кийинки чогулуштары карыздын жалпы суммасынын 20 же андан ашык пайызын талап кылган банктын атайын администратору же кредиторлор тарабынан козголушу мүмкүн. Кийинки чогулуштар реабилитациялоо жол-жобосун атайын администрациялоого айландыруу планын өзгөртүү үчүн же башка мыйзамдуу себептер боюнча чакырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [19-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-3)  
Кийинки берене: [19-5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-5)
