# 19-2-берене. Карызкор банкты реабилитациялоо жол-жобосун козгоо

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 19-2-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-2

---

1. Карызкор банкты реабилитациялоо жол-жобосу атайын администратор же кредиторлордун тобу тарабынан - (кредиторлордун жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин саны менен) сотко өтүнмө берүү жолу менен же кредиторлордун чогулушун чакыруу жолу менен козголушу мүмкүн.

2. Карызкор банк тарабынан реабилитациялоо жол-жобосунун козголушу үчүн анын канааттандыралбай турган балансы болууга же аларды тындыруу мөөнөтү келгенден кийин өз карыздарын тындырууга кудурети болбоого тийиш, мында карыздын эң аз суммасы талап кылынбайт.

3. Карызкор банкка карата реабилитациялоо жол-жобосу аны жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алдын ала жактырылышы менен колдонулат.

4. Атайын администратор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылуу жолу менен карызкор банкты калыбына келтирүү жол-жобосуна демилгечи боло алат.

5. Калыбына келтирүү жол-жобосу «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-1)  
Кийинки берене: [19-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-3)
