# 19-10-берене. Банкты кайра уюштуруу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 19-10-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-10

---

1. Карызкор банкты финансы жагынан жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аны кайра уюштуруу жөнүндө талап коюшу мүмкүн.

Карызкор банкты кайра уюштуруу банк эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген түрдө жүзөгө ашырылат. Банкты ыктыярдуу кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу болгондо гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Кайра уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабын алган учурда карызкор банктын жетекчиси аны алган учурдан тартып 3 жумуш күнүнүн ичинде карызкор банкты кайра уюштуруунун зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алуу максатында банктын Директорлор Кеңешине акционерлердин кезексиз чогулушун чакыруу жөнүндө өтүнмө менен кайрылууга милдеттүү. Карызкор банкты кайра уюштуруу маселеси боюнча акыркы чечим банктын директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [19-9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19-9)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-20)
