19-берене. Резидент эмес банктардын филиалдарын жоюу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Жоюу жол-жобосу резидент эмес банктын кайсы болбосун филиалына карата козголушу мүмкүн:
1) эгерде 24-беренеде көрсөтүлгөн негиздердин кайсынысы болбосун, ал банк болуп саналган мындай мекемеге карата колдонулушу мүмкүн; же
2) Улуттук банктын өтүнүчү боюнча эгерде жоюу жол-жобосу анын башкы кеңсеси жайгашкан же негизги иши жүзөгө ашырылган өлкөдөгү резидент эмес банкка карата башталса.
2. Ушул главадагы жоболордун максаттары үчүн резидент эмес банктын кайсы филиалы болбосун, резидент эмес банктын калган бардык жергиликтүү мекемелерин жана резидент эмес банктын Кыргыз Республикасындагы иш алып баруусунун натыйжасында же ушул ишине байланыштуу башка негизде келип чыккан активдерин жана пассивдерин кошкондо, резидент эмес банктын жергиликтүү туунду банкы катары каралат.
3. Резидент эмес банктын филиалына карата жоюу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып, резидент эмес банк, ошол мекемеге дайындалган жоюучу (атайын администратор) тарабынан жүзөгө ашырылган же ошол жоюучунун (атайын администратордун) алдын-ала жазуу жузүндөгү уруксаты менен жүзөгө ашырылган операцияларды эске албаганда, Кыргыз Республикасында кандай банктык операциялар болбосун жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш.
4. Резидент эмес банктын мекемесине карата Кыргыз Республикасында козголгон жоюу жол-жобосу өз талаптарын канааттандыруу максатында ошол банктын чет өлкө активдеринин өндүрүүгө айландырууга резидент эмес банктын кредиторлорунун укуктарына чек койбойт.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-19" title="19-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>