# 18-берене. Жоюу жол-жобосу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 18-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-18

---

1. Жоюу жол-жобосу банктын өз эрки боюнча жоюлушу (өзүнөн-өзү жоюлушу) жана мажбурлап жоюлушу формасында жүргүзүлөт.

2. Өз эрки менен жоюлуу (өзүнөн-өзү жоюлуу) соттук эмес тартипте, ал эми банкты мажбурлап жоюу соттук тартипте жүргүзүлөт.

3. Улуттук банк банкка карата мажбурлап жоюнун тигил же бул жол-жобосун колдонуунун зарылчылыгы жана максатка ылайыктуулугу маселесин өз алдынча чечет.

4. Банктын, банк операцияларын жүргүзүүгө лицензиялары кайтарылып алынган учурда ал, ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жана тартипте жоюлууга тийиш.

5. Банктын, банктык лицензиялары кайтарылып алынгандан кийин Улуттук банктын финансылык жана башка отчетторду талап кылуусу, токтотулат эгерде алар тарабынан башкасы белгиленбесе.

6. Жоюу жол-жобосу аягына чыккандан кийин банктын иши токтотулат, банктардын реестриндеги жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестриндеги жазуулар өчүрүлөт. Банктын жоюлушу укуктун өтүшүнө алып келбейт.

7. Жоюу жол-жобосун башынан өткөрүп жаткан, бардык жол-жоболор акырына чыкканга жана юридикалык жак катары банктар ишин токтоткондугу жөнүндө реестрге жазылып коюлганга чейин Улуттук банк ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде банктардын мониторингин жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-19)
