# 16-берене. Консерватордун ыйгарым укуктарын токтотуу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 16-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-16

---

1. Консерватордун ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдө токтотулат:

1) консерваторду дайындоо жөнүндөгү чечимде же консерватордун ыйгарым укуктарынын аракеттенүү мөөнөтүн узартуу тууралу чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн бүтүшү боюнча;

2) Улуттук банктын тиешелүү чечими менен;

3) соттун чечими менен жоюучунун дайындалышына байланыштуу;

4) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде.

2. Ушул берененин 1-пунктунун 1,2,4-пунктчаларына ылайык консерватордун ыйгарым укуктарынын токтотулушу, банктын аткаруу органынын ыйгарым укуктарынын калыбына келишине алып келет. Консерватор иштеп турган мезгил ичинде өз милдеттерин аткаруудан четтетилген банктын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары консерватордун иши токтотулгандан кийин калыбына келтирилет, эгерде алар Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарына ылайык бошотулбаган болсо жана эгерде Улуттук банк банктын кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө талап койбосо.

3. Ушул берененин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык консерватордун ыйгарым укуктары токтотулганда, консерватор банкка жана анын активдерине, ошондой эле бухгалтердик китептерге жана жазууларга контролдукту сот тарабынан дайындалган жоюучуга токтоосуз өткөрүп берүүгө милдеттүү.

4. Өз ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин консерватор 30 күн ичинде консервациялоо мезгилиндеги бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтарын кошо тиркөө менен корутунду отчетту даярдоого жана Улуттук банкка жана банкка берүүгө тийиш.

5. Консерватордун ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгы жөнүндөгү билдирүү Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий басылмаларында жана республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.

III-Бөлүм. Жоюу

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-17)
