16-берене. Консерватордун ыйгарым укуктарын токтотуу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Консерватордун ыйгарым укуктары төмөнкүлөрдө токтотулат:
1) консерваторду дайындоо жөнүндөгү чечимде же консерватордун ыйгарым укуктарынын аракеттенүү мөөнөтүн узартуу тууралу чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн бүтүшү боюнча;
2) Улуттук банктын тиешелүү чечими менен;
3) соттун чечими менен жоюучунун дайындалышына байланыштуу;
4) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде.
2. Ушул берененин 1-пунктунун 1,2,4-пунктчаларына ылайык консерватордун ыйгарым укуктарынын токтотулушу, банктын аткаруу органынын ыйгарым укуктарынын калыбына келишине алып келет. Консерватор иштеп турган мезгил ичинде өз милдеттерин аткаруудан четтетилген банктын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары консерватордун иши токтотулгандан кийин калыбына келтирилет, эгерде алар Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарына ылайык бошотулбаган болсо жана эгерде Улуттук банк банктын кызмат адамдарын алмаштыруу жөнүндө талап койбосо.
3. Ушул берененин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык консерватордун ыйгарым укуктары токтотулганда, консерватор банкка жана анын активдерине, ошондой эле бухгалтердик китептерге жана жазууларга контролдукту сот тарабынан дайындалган жоюучуга токтоосуз өткөрүп берүүгө милдеттүү.
4. Өз ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин консерватор 30 күн ичинде консервациялоо мезгилиндеги бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтарын кошо тиркөө менен корутунду отчетту даярдоого жана Улуттук банкка жана банкка берүүгө тийиш.
5. Консерватордун ыйгарым укуктарынын токтотулгандыгы жөнүндөгү билдирүү Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий басылмаларында жана республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.
III-Бөлүм. Жоюу
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-16" title="16-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>