# 13-берене. Консерватордун отчету

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 13-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-13

---

1. Консерватор дайындалгандан кийинки 30 күндөн кечиктирбестен, өзү дайындалган ошол банктын учурдагы финансылык абалы жана келечектеги иши жөнүндө отчетту даярдоого жана Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.

2. Консерватордун отчетунда банк жоюлууга дуушар болгондо сатып өткөрүлүүгө тийиш болгон активдердин наркына берилген баалоосу, ошондой эле консерватордун банктын андан аркы иши боюнча сунуштоолору камтылууга тийиш. Консервациялоо боюнча көрсөткөн кызматтарына кеткен чыгашаларга чегерилген, наркы тышкы аудиторлордун жардамы менен отчет түзүлүшү мүмкүн. Отчетто тиешелүү негиздөөлөрү менен төмөнкү сунуштоолордун бири камтылууга тийиш:

1) лицензияларды кайтарып алуу жөнүндөгү сунуштоону;

2) тиешелүү мезгил алкактарын кошкондо, Улуттук банктын ченемдик талаптарына ылайык банкты чыңдоонун кылдат иштелип чыккан планы;

3) банкты сатуу, башка банк менен кошуу же банктын активдерин жана/же пассивдерин жарым-жартылай сатуу боюнча кылдат иштелип чыккан планы.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-14)
