# 11-берене. Банкты башкарууну кабыл алуу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 марта 2005 года № 47 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/1642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399#diff=791046..791047>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 11-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-11

---

1. Консерватор дайындалган учурдан баштап банкты башкарууну өзүнө кабыл алат жана банктын активдеринин, бухгалтердик китептеринин жана жазууларынын сакталышын камсыз кылат.

Дайындалган консерватор кредиторлордун чогулушун чакыруу жөнүндө жарыялоого милдеттүү.

2. Консерватор өзү дайындалган банктын кайсы болбосун активдерин, имарат жайларын, ошондой эле бухгалтердик китептерин жана башка жазууларын көрүүгө жана аларды тескөөгө чексиз укуктарга ээ. Консерватордун мыйзамдуу талабы боюнча укук коргоо органдары банктын жайларына кирүүдө жана анын башка активдери менен таанышууда, активдер, бухгалтердик китептер жана жазуулар менен иштөөдө жана алардын сакталышын камсыз кылууда консерваторго тиешелүү көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Консерватор дайындалгандан кийин Улуттук банк банктын аманатчыларынын жана/же башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо максатында кайсыл учурда болбосун, банктын лицензияларынын аракетин токтотууга же банктын банктык операцияларына кандай болбосун чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.

(КР 2005-жылдын 10-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-12)
