# 102-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 августа 2006 года № 176 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О консервации, ликвидации и банкротстве банков»](https://aqlex.ai/kg/doc/1968)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399#diff=791047..791048>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 102-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-102

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө киргизилсин.

2. Мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана дагы башка ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонула тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алты айлык мөөнөт ичинде өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев

2003-жылдын 11-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан каралган эмес

1996-жылдын 16-февралындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү», 1998-жылдын 21-октябрындагы № 134 «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү», 2001-жылдын 24-декабрындагы № 112 «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык жактырылган

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-101)
