Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
100-берене. Банкка катышы барлардын жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Эгерде банкка катышы барлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнө төмөндөгү милдеттенмелерди алууга милдеттүү болушса же ыктыярдуу милдеттенмелерди алышкан болсо (кепилдиктерди жана дагы башка ушул өңдүү милдеттенмелерди кошо алганда);
банктын карыздары боюнча толук жоопкерчилик тартууга; юридикалык жактын уюмдаппыруу документтеринде кошумча аныкталган(кошумча жоопкерчилик) алар тарабынан салынган салымдардын наркына карата бардык катышы барлар үчүн бирдей өлчөмдө банктын милдеттенмелери боюнча жооп берсе, - анда алар жоюлууга же консервацияланууга тийиш болгон банктын карыздары үчүн тиешелүүлүгүнө жараша толук же кошумча жоопкерчиликтерди тартышат.
2. Эгерде жоюунун жүрүшүндө банктын активдерин бөлүштүргөндөн кийин айрым карыздар төлөнбөгөн бойдон калса, жоюучу толук же кошумча жоопкерчилик тартышкан банктын бардык же бир нече катышы барлары карыздын төлөнбөгөн бөлүгүнүн суммасын өндүрүп алууга милдеттүү.
3. Эгерде консервациялоонун жүрүшүндө банктын аманатчыларынын же башка кредиторлорунун алдындагы милдеттенмелерди төлөөнүн эсебине андан ары төлөөлөр талап кылынса, анда консерватор өздөрүнө алышкан толук же кошумча жоопкерчиликтерге ылайык, банкка катышы барлардан төлөмдөрдү талап кылууга укуктуу.
4. Эгерде толук же кошумча жоопкерчилик тарткан катышы бар адам, толук же кошумча жоопкерчилик тартышкан башка катышы барлар үчүн бардык карызды (же анын бир бөлүгүн) ыктыярдуу түрдө төлөп берген болсо, анда ал төлөгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү алардан талап кылууга укуктуу.
5. Банктын толук же кошумча жоопкерчилигине ээ богон ага катышы бар адам мамлекет же мамлекеттик орган болуп саналса, мамлекеттин өзүнө же мамлекеттик органга карата банкроттук процесси колдонулбайт, бирок ушул Мыйзамга ылайык мамлекетке же мамлекеттик органга тиешелүү болгон мүлктөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде өндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-100" title="100-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>