# 2004-жылдын 12-февралындагы № 11 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

- Толук аталышы: 2004-жылдын 12-февралындагы № 11 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2004
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1333/edition/284500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1396.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2004 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2004-жылдын 12-февралындагы № 11 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (12.02.2004 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1396

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2004-жылдын 12-февралы № 11

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1396/st-1)

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 8, 392-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

### [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1396/st-13)

төмөндөгүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын: "2. Курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларга белгиленген кошумча төлөөлөрдүн өлчөмдөрү адамдардын төмөндөгү категорияларына 300 сомго жогорулатылат:

- Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга, анын ичинде интернационалдык милдетин аткарган,

1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына катышкан жана майып деп табылган аскер кызматчыларына;

- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына;

- Чернобыль АЭСиндеги жана башка граждандык же аскердик багыттагы атом объекттериндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкандарга.";

2-пункт 3-пункт деп эсептелсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1396/st-2)

Ушул Мыйзам 2003-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

2003-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
