Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2004-жылдын 12-февралы № 11
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 8, 392-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
13-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын: "2. Курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларга белгиленген кошумча төлөөлөрдүн өлчөмдөрү адамдардын төмөндөгү категорияларына 300 сомго жогорулатылат:
- Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга, анын ичинде интернационалдык милдетин аткарган,
1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына катышкан жана майып деп табылган аскер кызматчыларына;
- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына;
- Чернобыль АЭСиндеги жана башка граждандык же аскердик багыттагы атом объекттериндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкандарга.";
2-пункт 3-пункт деп эсептелсин.
2-статья. Ушул Мыйзам 2003-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
2003-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- КР ЖК 2009-жылдын 24-декабрындагы № 1581-IV "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 24.12.2009 · № 1581-IV
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-июнундагы № 380 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 13.06.2009 · № 380 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57