# 7-2-статья. Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1393)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-январындагы № 8 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-7-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1393/edition/1241070/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө, 7-2-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-7-2

---

Футбол чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү уюмдардын кызматкерлери, пенсионер кызматкерлерди кошпогондо, орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 10 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз. Пенсионер кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт. Ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер Пенсиялык фондго орточо айлык акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт. I жана II топтордогу майып кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майыптар каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-71)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-8)
