# 6-статья. Жекече ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдары

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1393)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-январындагы № 8 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552); 04.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112459); 15.11.2021 [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию»"](https://aqlex.ai/kg/doc/112316); 29.06.2017 [Закон КР от 29 июня 2017 года № 112 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/111613); 19.03.2015 [Закон КР от 19 марта 2015 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/194554); 24.12.2011 [Закон КР от 24 декабря 2011 года № 253 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/203519); 08.07.2011 [Закон КР от 8 июля 2011 года № 86 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию""](https://aqlex.ai/kg/doc/203329); 20.07.2009 [Закон КР от 20 июля 2009 года № 238 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/202633)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393#diff=44225..44938>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1393/edition/1241070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1393/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө, 6-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-6

---

1. Тандалган салык режимине карабастан жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн ( юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзүүчү, берилген лицензиялардын негизинде иштөөчү, ошондой эле гонорар (сый акы) алуучу же лотоктордо, соода орундарында товарды сатып өткөрүү жолу менен базарларда иш жүргүзүүчү жеке жактарды кошпогондо) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт: Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 па-йыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

21. Лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатып базарларда ишкердик ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 3 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүзөгө ашырылат: Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8-бөлүгүнө жана 457-беренесине ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди кошпогондо, ушул Мыйзамдын 2, 2-1 жана 2-2-статьяларына ылайык жүргүзүшөт.

4. (КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 жана 13-бөлүктөрүнө жана 457-беренесине ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул статьянын 1-пунктуна ылайык белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 238, 2011-жылдын 8-июлундагы № 86, 24 декабря 2011 года № 253, 2015-жылдын 19-мартындагы № 60, 2017-жылдын 29-июнундагы № 112 2021-жылдын15-ноябры № 132, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-51)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-7)
