# 21-статья. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери, ошондой эле аларда иштөөчү жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1393)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-январындагы № 8 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552); 04.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112459); 15.11.2021 [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию»"](https://aqlex.ai/kg/doc/112316); 23.12.2019 [Закон КР от 23 декабря 2019 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112002)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393#diff=44225..44938>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1393/edition/1241070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1393/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө, 21-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-21

---

1. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2030-жылдын 1-январына чейин төмөнкүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр үчүн иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданма кызматкерлердин, анын ичинде I жана II топтогу майып-кызматкерлердин, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майыптардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 0,85 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,15 пайыз;

б) пенсионер-кызматкерлерди, I жана II топтогу майып-кызматкерлерди, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлерди кошпогондо, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 10 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

в) пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;

г) I жана II топтогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фондго.

д) жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери 2030-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү ушул Мыйзамдын 2-2-статьясына ылайык жүргүзүшөт.

2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КыргызРеспубликасынын 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145, 2021-жылдын15-ноябры № 132 , 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-2)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-22)
