# 2-статья. 21, 22, 5, 51-статьяларда көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактар, алардын обочолонгон кичи бөлүмдөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф ставкалары

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1393)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-январындагы № 8 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 04.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112459); 15.11.2021 [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию»"](https://aqlex.ai/kg/doc/112316); 15.07.2017 [Закон КР от 15 июля 2017 года № 125 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дипломатической службе Кыргызской Республики", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")](https://aqlex.ai/kg/doc/111632); 25.07.2016 [Закон КР от 25 июля 2016 года № 139 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/111420); 24.12.2011 [Закон КР от 24 декабря 2011 года № 253 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/203519); 20.07.2009 [Закон КР от 20 июля 2009 года № 238 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/202633); 10.08.2007 [Закон КР от 10 августа 2007 года № 144 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/202178); 08.08.2006 [Закон КР от 8 августа 2006 года № 162 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/1955); 24.02.2006 [Закон КР от 24 февраля 2006 года №63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/1851)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393#diff=12492..14081>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1393/edition/1241070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1393/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө, 2-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-2

---

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет:

1. Иш берүүчүлөр үчүн:

а) жалданган кызматкерлердин, туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан, аткарууга кабыл алынгандардын анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 17,25 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) I жана II топтогу майып кызматкерлердин, ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 15,25 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

в) (КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

г) дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлеринин пайдасына кошуп эсептелген төлөөлөрдүн бардык түрлөрүнөн, - 15,25 пайыз өлчөмүндө. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

2. Кызматкерлер үчүн:

а) туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан жалданган кызматкерлер, анын ичинде пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.

а1) каржылоонун булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө; ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө; Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

б) I жана II топтогу майып - кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар), ошондой эле угуусу боюнча III топтогу майып кызматкерлер үчүн каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы № 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Үчүнчү абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы № 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Төртүнчү абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы № 253 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

в) дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлерине - ушул пункттун "а", "а1" жана "б" пунктчаларына ылайык.

Ушул пунктчада көрсөтүлгөн кызматкерлерге жана кызматчыларга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2005-жылдын 13-февралындагы № 29, 2005-жылдын 30-июнундагы № 87, 2006-жылдын 24-февралындагы № 63, 2006-жылдын 8-августундагы № 162, 2007-жылдын 10-августундагы № 144, 2009-жылдын 20-июлундагы № 238, 2011-жылдын 24-декабрындагы №253, 2016-жылдын 25-июлундагы № 139, 2017-жылдын 15-июлундагы № 125, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-1)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-21)
