# 141-статья. Орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1393)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-январындагы № 8 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393#diff=12492..14081>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1393/edition/1241070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1393/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө, 141-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-141

---

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө үчүн кабыл алынуучу орточо айлык эмгек акынын өлчөмү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген орточо айлык эмгек акынын өлчөмү.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын учурдагы жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык маалыматынын негизинде өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

Тариф ставкалары жыл сайын кийинки жылдын 1-январынан тартып эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-14)  
Кийинки берене: [142-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-142)
