# 14-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, төлөө тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1393)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-январындагы № 8 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 ноября 2021 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию»"](https://aqlex.ai/kg/doc/112316)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393#diff=1241097..1241098>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1393/edition/1241070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1393/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө, 14-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-14

---

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө мөөнөтү төлөөчүнүн тиешелүү категориясы үчүн ушул Мыйзамда белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары боюнча "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын ичинен камсыздандырылган адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул Мыйзамда белгиленген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жүзөгө ашырат.

3. Жарандык-укуктук келишимдер (контракттар) боюнча киреше алуучу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенишкен, анын ичинде базарларда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ушул мыйзамда белгиленген, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча өз алдынча жүзөгө ашырат.

(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-13)  
Кийинки берене: [141-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-141)
