14-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, төлөө тартиби жана мөөнөтү
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 ноября 2021 года № 132
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө мөөнөтү төлөөчүнүн тиешелүү категориясы үчүн ушул Мыйзамда белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары боюнча "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын ичинен камсыздандырылган адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул Мыйзамда белгиленген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жүзөгө ашырат.
3. Жарандык-укуктук келишимдер (контракттар) боюнча киреше алуучу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенишкен, анын ичинде базарларда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ушул мыйзамда белгиленген, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча өз алдынча жүзөгө ашырат.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 ноября 2021 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию»"Редакцияларды салыштыруу
15.11.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн алынып салынды: кошуп эсептөөнүн кошулду: эсептөө, төлөө тартиби жана алынып салынды: төлөөнүн тартиби
кошулду: мөөнөтү
1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн алынып салынды: кошуп эсептөөнүн кошулду: эсептөө жана алынып салынды: төлөөнүн тартиби кошулду: төлөө мөөнөтү төлөөчүнүн тиешелүү категориясы үчүн ушул Мыйзамда белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары боюнча "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
кошулду: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын ичинен камсыздандырылган адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул Мыйзамда белгиленген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жүзөгө ашырат.
3. Жарандык-укуктук келишимдер (контракттар) боюнча киреше алуучу, ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенишкен, анын ичинде базарларда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ушул мыйзамда белгиленген, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча өз алдынча жүзөгө ашырат.
(КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1393/st-14" title="14-статья - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>