# 13-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү үчүн жарандардын эмгек акысы (кирешеси)

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1393)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-январындагы № 8 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552); 04.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112459); 23.12.2019 [Закон КР от 23 декабря 2019 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112002); 10.08.2007 [Закон КР от 10 августа 2007 года № 144 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/202178); 27.01.2006 [Закон КР от 27 января 2006 года №31 " О внесении изменений в Закон КР "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/1819)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393#diff=27698..44225>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1393/edition/1241070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1393/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө, 13-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-13

---

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү үчүн эмгек акы (киреше) ар бир жумуш оруну боюнча өзүнчө эсепке алынат.

2. Бир эле мезгилде төлөөчүлөрдүн бир нече категориясына таандык болгон камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү жана төлөөнү ар бир негиз боюнча жүргүзүшөт.

3. Төмөнкүлөрдө каралган кызматкерлер үчүн иш берүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү:

а) ушул Мыйзамдын 2-статьясында каралган кызматкерлер үчүн орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш;

б) ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 1-пунктунда каралган кызматкерлер үчүн орточо айлык эмгек акынын 100 пайызынан эсептелген суммадан кем болбоого тийиш.

Мында, ушул статьянын 4-пунктун эске алуу менен, кызматкер үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө, алуу жана төгүү иш берүүчү тарабынан анык эсептелген эмгек акыдан жүргүзүлөт. Ушул пункт уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан юридикалык жактар тарабынан жалданган, тизмеги Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган кенже тейлөөчү персоналга, ошондой эле төмөнкүдөй ишканаларга жана уюмдарга колдонулбайт:

- каржылоонун көлөмүнө карабастан, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;

- мамлекеттик ишканалар, уюмдар жана мекемелер;

- мамлекеттик окуу жайлары жана алар тарабынан уюштурулган, юридикалык жактын статусуна ээ болгон өз алдынча окуу түзүмдөрү жана филиалдар;

- социалдык камсыздандыруу каражаттарынан каржылануучу уюмдар;

- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү эмгек акы фондунан жүзөгө ашыруучу айылдык товар өндүрүүчүлөр.

- турак жай менчик ээлеринин шериктиктери.

4. Календардык ай үчүн иш берүүчү жана кызматкер тарабынан бир камсыздандырылган адамдын пайдасына төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйынды суммасы колдонулуучу тарифтерге жана суммалардын фонддор боюнча бөлүштүрүлүшүнө карабастан, өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын жыйырма эселенген өлчөмүнөн эсептелинген суммадан ашпоого тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 31, 2007-жылдын 10-августундагы № 144, 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145 Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, берилген Мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-14)
