# 10-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1393)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-январындагы № 8 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2004
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 10.05.2024 [Закон КР от 10 мая 2024 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230005786); 04.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 101 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112459); 29.06.2017 [Закон КР от 29 июня 2017 года № 112 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию"](https://aqlex.ai/kg/doc/111613)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393#diff=27698..44225>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1393/edition/1241070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1393/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө, 10-статья (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-10

---

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө (ушул статьянын 11-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо) каалагандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 8 пайызынан кем эмес же фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүү менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес жүзөгө аткарылышы мүмкүн:";

Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна - 2 пайыз. 1-1. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө ар кандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайызынан кем эмес өлчөмдө төмөнкү жактар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн:

а) юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган, жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары, мүчөлөрү;

б) жер үлүшүнө жана/же участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон же аны ижарага берүүдөн киреше алган жеке жактар;

в) жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, ошондой эле өз жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага берген айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү;

г) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен (жайыттарды кошпогондо), токой фондунун участокторунан жерлерди ижарага алган жеке жактар;

д) жайыттарды пайдаланууга укугу бар жеке жактар;

е) суу көлмөлөргө жана насостук станциялар менен сугарылуучу жерлерге ээ болгон жеке жактар.

2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте үстүдөгү ай үчүн жана келерки мезгилге гана жүзөгө ашырылат.

3. 1996-жылдын январынан кийинки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жана өздүк камсыздандыруу эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандары камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө чейинки жана/же кийинки мезгилдер үчүн, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар жеке жактардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн Пенсиялык фондго каалагандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 8 пайызынан кем эмес өлчөмдө айына төлөй алышат.

4. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү адамдар Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн каалагандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 2 пайызынан кем эмес өлчөмдө ыктыярдуу төлөмдөрдү жүргүзө алышат.

(КР 2017-жылдын 29-июнундагы № 112, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1393/st-11)
