# КР Президентинин буйругу 2001-жылдын 18-апрели ПБ № 134 "Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын "Учур" телетеатрынын базасында корпорациянын иш-аракеттеринин бир багыты катары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын жаштар телетеатры долбоор (программа) түрүндө уюштуруу жонундо"

- Толук аталышы: КР Президентинин буйругу 2001-жылдын 18-апрели ПБ № 134 "Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын "Учур" телетеатрынын базасында корпорациянын иш-аракеттеринин бир багыты катары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын жаштар телетеатры долбоор (программа) түрүндө уюштуруу жонундо"
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/13926>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-503/edition/294271/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/13926.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин буйругу 2001-жылдын 18-апрели ПБ № 134 "Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын "Учур" телетеатрынын базасында корпорациянын иш-аракеттеринин бир багыты катары Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын жаштар телетеатры долбоор (программа) түрүндө уюштуруу жонундо" (04.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/13926

---

КР Президентинин

2008-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 317 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2001-жылдын 18-апрели ПБ № 134

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

"ХХI кылымдын кадрлары" программасынын алкагында мурда М.С. Щепкин

атындагы Жогорку театралдык окуу жайына (Москва шаарындагы) жиберилген

20 кишиден турган таланттуу жаш актерлор тобу аталган окуу жайды

бүтүрүп жаткандыгына байланыштуу жана театр өнөрүн өнүктүрүү, Кыргыз

Республикасынын жаш актерлорун колдоо максатын көздөө менен:

1. Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын "Учур" теле-

театрынын базасында корпорациянын иш-аракеттеринин бир багыты катары

Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясынын жаштар телетеатры

долбоор (программа) түрүндө уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин резерв фондунан Кыргыз

мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясына Жаштар телетеатрын каржылоо

үчүн 365000 (үч жүз алтымыш беш) мињ сом бөлүнсүн, анын ичинде:

- 165000 (жүз алтымыш беш) мињ сом - "Жаштар телетеатры" долбоорун

(программасын) ишке ашырууга катышкан адамдардын эмгек акысына;

- 200000 (эки жүз) мињ сом - концерттик студияны Жаштар телетеат-

рына реконструкциялоого.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2002-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда "Жаштар телете-

атры" долбоорун (программасын) эске алуу менен Кыргыз мамлекеттик теле-

радиоберүү корпорациясына кошумча каржылоону белгилесин;

- жогоруда аталган театралдык окуу жайын бүтүрүүчү кыргызстандык-

тардын Москва шаарынан Бишкек шаарына келишин уюштурсун.

4. Кыргыз мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясы Жаштар телетеат-

рынын калыптанышы жана өсүшү үчүн бардык шарттарды түзсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республика-

сынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
