# 9-статья. Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн шарттары

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669); 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/138#diff=1288865..1288866>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 9-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-9

---

Эгерде мыйзамда башкача айтылбаса, айрым адамдардын жарандыгы, улуту, жынысы, жашаган жери, кызматтык, социалдык жана мүлктүк абалы, коомдук бирикмелерге таандуулугу, динге карата мамилеси жана саясий ынанымдары Кыргыз Республикасынын аймагында аларга карата изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Мыйзам менен корголуучу кат жазышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, электр жана почта байланыш тарамдары боюнча берилүүчү телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырына, ошондой эле турак жайдын кол тийбестик укугуна тиешелүү изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө оор жана өзгөчө оор кылмыштарды даярдап жаткан же жасап жаткан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап жаткан же болбосо жасаган адамдар жөнүндө маалыматты жыйноо үчүн кийин 24 сааттын ичинде көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго маалымдоо менен изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдын жетекчилеринин биринин жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча соттук чечимдин негизинде гана жол берилет. Мындай жетекчилердин категориясынын тизмеги изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актыларында белгиленет. Мында турак жайды текшерүүгө көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго токтоосуз кабарлоо менен өзгөчө учурларда соттун чечими боюнча гана жол берилет. Кийинкиге калтырууга болбогон жана террорчулук актысын же диверсияны жасоого алып келиши мүмкүн болгон учурларда, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү органдын жетекчилеринин биринин жүйөлөштүрүлгөн токтомунун негизинде тиешелүү сотко (судьяга) жана көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго токтоосуз маалымдоо жана кийин 24 сааттын ичинде соттун чечимин алуу менен ушул статьянын экинчи бөлүгүндө саналып өткөн изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жол берилет. Айрым адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, менчигине коркунуч келген учурда, алардын арызы же алардын кат жүзүндөгү макулдугу боюнча алардын телефондору же башка сүйлөшүү түзүлмөлөрү аркылуу жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоого изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси бекиткен токтомдун негизинде, тиешелүү сотко (судьяга) жана көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго милдеттүү кабарлоо жана соттун чечимин кийин 24 сааттын ичинде алуу менен уруксат берилет. Ушул Мыйзамдын 8-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-3 жана 5-пункттарында каралган негиздер боюнча изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 8-14, 17-21-пункттарында көрсөтүлгөн аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат. Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын, коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өздүк коопсуздугун камсыз кылуучу изин суутпай издөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт. Ушул Мыйзамдын 8-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган негиздер боюнча ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 8-14, 17-21-пункттарында көрсөтүлгөн аракеттерди жүзөгө ашырууга жарандын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо соттун (судьянын) чечими жок жүзөгө ашырууга уруксат берилет. (КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-10)
