# 8-статья. Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн негиздери

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 8-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-8

---

Төмөндөгүлөр:

1) козголгон жазык ишинин болушу;

2) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга белгилүү болуп калган:

эгерде жазык ишин козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн жетиштүү маалыматтар болбосо, даярдалып, жасалып жаткан же жасалган укукка жат жосундун белгилери жөнүндө, ошондой эле аны даярдап, жасап жаткан же жасаган адамдар тууралу маалыматтар; мамлекеттик, аскердик, экономикалык жана экологиялык коркунуч туудурган окуялар же аракеттер тууралу маалыматтар; алгачкы текшерүү, тергөө органдарынан жана соттон жашырынып же кылмыш-жазасынан качып жүргөн адамдар тууралу маалыматтар; дайынсыз жок болгон адамдар жана таанууга мүмкүн болбогон өлүктөр жөнүндө маалыматтар;

3) өзүнүн өндүрүшүндө болгон жазык иштери боюнча алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн тапшырмасы, прокурордун көрсөтмөсү же соттун аныктамасы;

4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу башка органдардын ушул статьяда көрсөтүлгөн негиздер боюнча берилген сунуш-талаптары;

5) корголуп жаткан адамдарга карата, мыйзамдарда каралган тартипте ага ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу коопсуздук чараларын колдонуу жөнүндөгү токтом;

6) Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерине (макулдашууларына) ылайык берилген сунуш-талаптары изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелет.

Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын чектеринде чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон, жарандардын инсандыгын мүнөздөй турган төмөндөгү:

1) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга же адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө жогорулатылган коркунуч келтирген объектилерди пайдаланууга байланыштуу жумуштарга жол берүү жөнүндө;

2) изин суутпай издөө ишине катышууга же аны жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган материалдар менен таанышууга жол берүү жөнүндө;

3) изин суутпай издөө иш-чараларын даярдоо жана жүргүзүү учурунда жак менен кызматташтык мамилелерди белгилөө жана аны сактоо жөнүндө;

4) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын (кызмат адамдарынын) коопсуздугун камсыз кылуу боюнча;

5) жеке детективдик жана кайтаруу ишине уруксат берүү жөнүндө маалыматтарды чогултууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-9)
