# 7-статья. Изин суутпай издөө иш-чаралары

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 31 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205253)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.02.2014 [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 31 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205253); 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937); 24.02.2010 [Закон КР от 24 февраля 2010 года № 33 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202922)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/138#diff=1288864..1288865>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 7-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-7

---

Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан ушул Мыйзамдын 3-статьясында каралган милдеттерди чечүү үчүн жашырындуулуктун эрежелерине ылайык:

1) жарандардан сураштыруу;

2) маалымдамаларды чогултуу;

3) салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу;

4) текшерүү үчүн сатып алуулар;

5) нерселерди жана документтерди иликтөө;

6) контролдонуучу жөнөтүүлөр (текшерип жөнөтүү);

7) инсанды окшоштуруу;

8) имарат жайларды, имараттарды, курулуштарды, жер участокторун жана транспорт каражаттарын текшерүү;

9) почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү контролдоо;

10) телефон жана башка сүйлөшүү түзүлмөлөр боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жазып алуу;

11) байланыштын техникалык каналдарынан маалымат алуу;

12) жашыруун ишканаларды жана уюмдарды түзүү;

13) изин суутпай издөөчүнү арасына кошуу;

14) изин суутпай байкоо жүргүзүү;

15) изин суутпай жүргүзүлүүчү эксперимент;

16) жагдайды изин суутпай белгилөө колдонулат;

17) мыйзам менен корголгон жеке турмушунун, турак жайынын кол тийбестигин, жеке жана үй-бүлөлүк сырын, ошондой эле жеке салымдарынын жана жыйнаган акчаларынын, кат алышуунун, телефон сүйлөшүүлөрүнүн, почта, телеграф жана башка билдирүүлөрүнүн купуялуулугун козгобогон маалыматтарды алуу үчүн техникалык каражаттарды колдонуу;

18) маалыматты мыйзамсыз алуунун техникалык каражаттарын издөө;

19) байланыш тарамдарында жана каналдарында изин суутпай издөө;

20) сүйлөшүүлөрдү тымызын тыңшоо жана жазуу (видео-, аудиотехниканы жана (же) атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен);

21) абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар тууралуу маалыматты алуу.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө белгиленген аракеттер изин суутпай издөө иш чараларын жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. Бул аракеттердин тизмеси акыркы толук тизме болуп эсептелет жана ал мыйзам тарабынан гана өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн. Изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө маалымат тутумдары, көрсөтмө жана үн жазуулар, киного жана сүрөткө тартуулар, ошондой эле инсандын өмүрүнө жана ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген башка техникалык каражаттар да пайдаланылат. Маалыматты тымызын алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алым кирүү жана анын чегинен тышкары алып чыгуу, ошондой эле иштеп чыгуу, өндүрүү, сертификациялоо, сатуу, сатып алуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруу процессинде маалыматтарды маалымдуу эмес түрдө алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 451 "Изин суутпай издөө ишин жүргүзүү процессинде маалыматты жашыруун алууга арналган атайын техникалык каражаттардын түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүүнүн жана анын чегинен тышкары алып кетүүнүн, ошондой эле иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, сертификациялоонун, сатуунун жана сатып алуунун белгиленген эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет. Ушул Мыйзамдын 16-статьясынын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар менен милдеттерди чечүү кызыкчылыгында байланыш тарамын пайдалануу менен байланышкан изин суутпай издөө иш-чаралары техникалык жактан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 7-р чечими Изин суутпай издөө иш чараларын уюштуруу жана аны жүргүзүүнүн тактикасы мамлекеттик сыр болуп эсептелет. (КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-8)
