23-статья. Изин суутпай издөө ишине прокурордук көзөмөл
Күчүн жоготкон · 26.06.2025 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 26 июня 2025 года № 127.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июля 2013 года № 129
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан аткарылышына көзөмөлдүк Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал тарабынан ыйгарым укук берилген областтардын жана Бишкек шаарынын прокурорунун статусунан кем эмес прокурорлор тарабынан жүзөгө ашырылат. Изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда мыйзамдардын бузулушу жөнүндө прокуратурага келип түшкөн материалдарга, маалыматтарга жана жарандардын кайрылууларына байланыштуу ыйгарым укук берилген прокурордун сунуш-талабы боюнча, ошондой эле изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана мында кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун текшерүү учурунда, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчиси аталган прокурорго бул иш-чараларды өткөрүү үчүн негиз болуп кызмат кылган изин суутпай издөөгө байланыштуу кызматтык документтерди берет. Оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар жөнүндө жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттык маалымдуу эмес кызматкерлери жөнүндө, ошондой эле бул органдарга жашыруун негизде көмөк көрсөтүп жаткан же көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтар, аларды жазык жоопкерчилигине тартууну талап кылгандан башка учурларда, аталган адамдардын кат жүзүндөгү макулдугу менен гана прокурорго берилет. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууну уюштуруу жөнүндө, анын тактикасы, усулдары жана каражаттары жөнүндө маалыматтар прокурордук көзөмөлгө алынбайт. Прокуратура органдарынын жетекчилери прокурорго берилген изин суутпай издөө иши боюнча кызматтык документтерде камтылган маалыматтардын корголушун камсыз кылган шарттарды түзүшөт. (КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/138/st-23" title="23-статья - Изин суутпай издөө иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>