Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-статья. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн жарандарды социалдык жана укуктук жагы нан коргоо
Күчүн жоготкон · 26.06.2025 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 26 июня 2025 года № 127.
Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөн адамдар мамлекеттин коргоосу астында болот. Мамлекет контракт боюнча изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүгө макулдук берген адамдарга контрактта каралган милдеттенмелерди аткарууну кепилдикке алат, анын ичинде аталган адамдар тарабынан коомдук парздын жана аларга жүктөлгөн милдеттердин укукка ылайык аткарылышына байланыштуу укуктук жактан коргоону кепилдикке алат. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөткөндүгүнө байланыштуу айрым адамдардын, ошого тете алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө укукка каршы кол салуунун айкын коркунучу пайда болгон учурда, бул органдар укукка жат аракеттерди болтурбай коюу, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. Укукка жат жосун жасаган жана изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу орган менен кызматташууга тартылган, кылмыштардын бетин ачууга активдүү көмөк көрсөткөн, келтирилген залалдын ордун толтурган же келтирилген зыянды башкача жол менен толтурган кылмыштуу топтун ичиндеги адамга жаза дайындоодо сот аталган жагдайларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдай катары эске алат. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен кызматташ болгон, болбосо аларга кылмыштардын бетин ачууда же кылмыш жасаган адамдарды аныктоодо жардам көрсөткөн адамдар акчалай сый акы жана башка төлөмдөрдү алышы мүмкүн. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен контракт боюнча жарандардын кызматташуу мезгили иштин негизги түрү катарында жарандардын эмгек стажысына киргизилет. Аталган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия менен камсыз кылуу укугуна ээ болушат. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен кызматташ болгон адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укук актыларында аныкталуучу тартипте аларды коргоо боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилет. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен контракт боюнча кызматташкан адам изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө катышкандыгына байланыштуу курман болгон учурда, жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана анын багуусунда болгон адамдарга тиешелүү бюджеттин каражаттарынан курман болгон адамдын он жылдын ичинде ала турган акчалай каражатынын өлчөмүндө бир жолку пособие төлөнөт жана мыйзамда белгиленген тартипте баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия дайындалат. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен контракт боюнча кызматташ болгон адам изин суутпай издөө иш чараларын жүргүзүүгө катышкандыгына байланыштуу жаракат алган, жарадар болгон, контузияга учураган, мертинген учурда жана ал үчүн изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар менен андан ары кызматташуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылганда, аталган адамга тиешелүү бюджеттин каражатынан анын беш жылдын ичинде ала турган акчалай каражатынын өлчөмүндө бир жолку пособие төлөнөт жана мыйзамда белгиленген тартипте майыптыгы боюнча пенсия дайындалат.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 29.08.2013 · № 473 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/138/st-21" title="21-статья - Изин суутпай издөө иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>