# 20-статья. Жарандардын изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүшү

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 20-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-20

---

Айрым адамдар өздөрүнүн макулдугу менен, өздөрүнүн каалоосу боюнча жашырындуулукту сактоо менен, изин суутпай издөө иш-чараларын даярдоого же жүргүзүүгө, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде контракт боюнча тартылышы мүмкүн. Бул адамдар изин суутпай издөө иш-чараларын даярдоонун же жүргүзүүнүн жүрүшүндө өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү жана аталган органдарга атайылап жалган маалымат берүүгө укуксуз. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар эрезеге жеткен аракетке жөндөмдүү адамдар менен алардын жаранчылыгына, улутуна, жынысына, мүлктүк, кызматтык же социалдык абалына, билимине, коомдук бирикмелерге таандыгына, динге карата мамилесине жана саясий ынанымдарына карабастан контракт түзө алышат. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарга контракт боюнча депутаттардын, судьялардын, прокурорлордун, адвокаттардын, дин кызматкерлеринин жана расмий түрдө катталган диний бирикмелердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жашыруун көмөк көрсөтүүсүн пайдаланууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-21)
