# 2-статья. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/138#diff=1288863..1288864>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 2-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-2

---

Жарандардан сураштыруу - изин суутпай издөөчү кызматкердин иликтенип жаткан окуя жөнүндө же ага тиешеси бар адамдар тууралу иш жүзүндөгү маалыматтар белгилүү болушу мүмкүн болгон жаран менен жекече маектешүүсү. Маалымдамаларды чогултуу - изин суутпай издөө ишинин милдеттерин чечүү үчүн изи сууй элек криминалисттик же башка маалыматтар базасынан алынган маалыматты изин суутпай издөөчүнүн расмий түрдө алышы. Салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу - кылмыш издери сакталган же кылмыш жасаган адам жөнүндө, кылмыштуу кол салуулардын объектилери катары кызмат кылган маалыматтарды камтыган материалдык каражаттарды жана коомдук коркунучтуу укукка жат жосунду жана ага катышы бар адамдарды табуу каражаты болуп кызмат кыла турган нерселерди табуу жана алып коюу. Текшерүү үчүн сатып алуу - каржылык, чарбалык, ишкердик же соода ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын бузулушу жазык жоопкерчилигине алып келе тургандыгы жөнүндө изин суутпай алынган маалымат болгондо, изин суутпай издөөчү (изин суутпай издөөчү кичи бөлүм) тарабынан товарды сатып алуунун жагдайын (керектөө жана сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн) атайылап түзүү. Нерселерди жана документтерди иликтөө - кылмыштарды жана аларга тиешеси бар адамдарды табуу максатында кылмыштуу иштин сакталып калган издери, кылмыш жасоонун курамы же кылмыштуу иштин натыйжасы болуп эсептелген нерселерди жана документтерди иликтөө. Контролдонуучу жөнөтүү (текшерип жөнөтүү) - кылмыштарды натыйжалуу аныктоо, бөгөт коюу, тергөө максатында эркин сатууга тыюу салынган, же болбосо жүгүртүүсү чектелген товарларды жана нерселерди, ошого тете кылмыштуу жол менен алынган же кылмыш издери сакталып калган нерселерди, же болбосо кылмыш жасалган куралдарды же каражаттарды контролго алуу менен бир жерден экинчи жерге жиберүү. Инсанды окшоштуруу - шектүүнүн инсандыгын (текшерилип жаткан адамдын) дактилоскопиялык картотека, окуя болгон жерде калган издер, кандын, шилекейдин курамы, жыты изи жана башкалар боюнча аныктоо. Имарат жайларды, имараттарды, курулуштарды, жер участокторун жана транспорт каражаттарын текшерүү - текшерилип жаткан адам ээлеген же пайдаланган объектилерди кылмыштардын мүмкүн болуучу издерин, кылмыштарды жасоонун куралдарын, кылмыш ишине тиешеси бар башка нерселерди же документтерди табуу үчүн маалымдуу жана маалымсыз түрдө карап чыгуу. Почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү контролдоо - текшерилип жаткан адамдын кылмыштуу иши жөнүндө маалыматтарды табуу, анын байланыштарын аныктоо жана маалымат алуу максатында белгилүү бир кабарларды жашыруун карап чыгуу. Атайын техникалык каражаттар - изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө, анын ичинде байланыш тарамдарында (каналдарында) маалыматты табуу жана документтештирүү үчүн атайын функциялары, программалык камсыз кылуу жана конструкциялык өзгөчөлүктөрү бар түзүлмөлөр, аппаратура, жалгаштырмалар, жабдуулар. Байланыш тарамдарында изин суутпай издөө - байланыш тарамдары боюнча берилген маалыматта укукка жат иштин белгилерин табуу боюнча атайын техникалык каражаттардын жардамы менен жүзөгө ашырылуучу жашыруун аракеттер. Сүйлөшүүлөрдү тымызын тыңшоо жана жазып алуу - текшерилип жаткан адамдын, шектүүнүн, айыпталуучунун видео жана сүйлөшүү маалыматын видео-, аудиотехника жана (же) атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жашыруун контролдоо жана анын мазмунун материалдык алып жүрүүчүдө белгилеп коюу. Абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлмөлөрдүн ортосундагы байланышуулар жөнүндө маалымат алуу - абоненттин кириш жана чыгыш чалуулары (байланышуулары) тууралуу маалыматты, ошондой эле байланыш операторлорунун маалымат банкынан башка маалыматтарды алуу. Телефон жана башка сүйлөшүү түзүлмөлөрү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жазып алуу - телефон жана башка сүйлөшүү түзүлмөлөрү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү угуу контролу, текшерилип жаткан адамдын кылмыштуу иштери жөнүндө маалыматтарды табуу, анын байланыштарын аныктоо жана изин суутпай издөө ишинин милдеттерин чечүүгө көмөк көрсөтүүчү башка маалыматты алуу максаттарында үн жазуучу техникалык каражаттардын жардамы менен алардын мазмунун үн жазуучу жана (же) атайын техникалык каражаттардын жардамы менен материалдык алып жүрүүчүлөрдө белгилеп коюу. Изин суутпай издөөчүнү арасына кошуу - оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнө изин суутпай издөөчүнү же конфидентти кошуу боюнча өз ара байланыштуу аракеттердин жыйындысы же болбосо изин суутпай издөө ишинин милдеттерин аткаруу үчүн жашыруун уюмду (юридикалык жакты) түзүү. Изин суутпай байкоо жүргүзүү - изин суутпай издөө ишинин милдеттерин чечүү үчүн мааниси бар көрүнүштөрдү, окуяларды, жосундарды, фактыларды, процесстерди жашыруун, такай, түздөн-түз, байкоо жүргүзүү же изин суутпай издөөнүн техникалык каражаттарынын жардамы аркылуу кабылдоо жана каттоо. Изин суутпай жүргүзүлүүчү эксперимент - маалыматты тезинен алуу максатында атайын түзүлгөн, толук башкарылуучу же контролдонуучу шарттарда изин суутпай издөө ишинин объектисине жашыруун байкоо жүргүзүү. Жагдайды изин суутпай белгилөө - жарандарды, кызмат адамдарын шифрлөө менен суроону жана маалыматтарды жабык жыйноону, документтер менен таанышууну жүргүзүү жолу менен текшерилүүчү жеке жактын кылмыш иши жөнүндө маалыматтарды жашыруун жыйноо жана башка маалыматты алуу. Изин суутпай текшерүүнү жүргүзүү - аларга бөгөт коюу же аларды ачуу үчүн даярдалып жаткан же жасалган (жасалып жаткан) кылмыштардын белгилери жөнүндө негиздүү маалыматтар болгондо, ошондой эле жашырынып кеткен кылмышкерлерге карата алганда, көрсөтүлгөн максаттарга башка жол менен жетүүгө мүмкүн болбогондо же өтө кыйын болгондо аларды издеп табуу үчүн жүргүзүлүүчү изин суутпай издөө чараларынын комплексин жүзөгө ашыруу. Конфидент - изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарда каралган негиздерде жана тартипте изин суутпай издөө органы (анын өкүлү болгон - изин суутпай издөөчү менен) жашыруун кызматташуу мамилесине өткөн жеке жак. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-3)
