# 19-статья. Изин суутпай издөөнү жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарын социалдык жана укуктук жактан коргоо

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 19-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-19

---

Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарына, штаттарына көрсөтүлгөн адамдар кире турган органдардын кызматкерлерине берилүүчү социалдык жана укуктук жактан коргоонун кепилдиктери жайылтылат. Мыйзам тарабынан тикелей ыйгарым укук берилген адамдардан башка, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдуу аракеттерине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген кызмат адамы изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө өзүнүн түздөн-түз жана тикелей башчысына гана баш иет. Мыйзамга карама-каршы келген буйрук же көрсөтмө алынган учурда, аталган кызмат адамы мыйзамды жетекчиликке алууга милдеттүү. Жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, алардын конституциялык укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо учурунда, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылуу үчүн изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын кызмат адамы, болбосо ага көмөк көрсөткөн адам тарабынан өзүнүн кызматтык же коомдук парзын укукка ылайык аткаруу учурунда жасалган укук тарабынан корголуучу таламдарга аргасыздан зыян келтирүүгө жол берилет. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдарынын уюмдашкан кылмыштуу топтордогу атайын тапшырмаларды аткаруу мезгили, ошондой эле көрсөтүлгөн органдардагы алардын штаттык маалымдуу эмес кызматкерлердин кызматында кызмат өтөгөн мезгили Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте иш мөөнөтүн өтөгөндүгү үчүн жеңилдик берүүчү шарттарда пенсия дайындоодо эсепке алынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-20)
