# 16-статья. Изин суутпай издөөнү жүзөгө ашыруучу органдар

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669); 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937); 26.09.2011 [Закон КР от 26 сентября 2011 года № 154 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203394); 17.09.2010 [Декрет ВП КР от 17 сентября 2010 года № 128 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202945); 24.02.2010 [Закон КР от 24 февраля 2010 года № 33 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202922); 11.03.2009 [Закон КР от 11 марта 2009 года № 80 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202560); 23.05.2008 [Закон КР от 23 мая 2008 года № 97 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202308); 28.03.2004 [Закон КР от 28 марта 2004 года № 52 "О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1437); 12.06.2003 [Закон КР от 12 июня 2003 года № 105 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/1229)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/138#diff=1288866..1288867>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 16-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-16

---

Кыргыз Республикасынын аймагында изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруу укугу:

1) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын;

3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик чалгындоо органдарынын;

4) каржы полициясынын органдарынын;

5) бажы органдарынын;

6) (КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) жазык-аткаруу тутумунун органдарынын;

8) Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын органдарынын;

9) (КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10) салык кызматынын органдарына.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүндө саналган изин суутпай издөө иш-чараларынын бардык тизмегин колдонууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамдын 7-статьясынын бир бөлүгүнүн 1-17, 20 жана 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик чалгындоо органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-17, 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу. Бажы органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-8, 13-16, 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын чегара кызматынын органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-3, 5-16, 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу. (Бөлүк КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Жазык-аткаруу тутумунун органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-3, 5, 7, 11, 13, 16, 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын кызмат адамдары анын милдеттерин изин суутпай издөө иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө илимий, техникалык жана башка атайын билимдери бар кызмат адамдарынын жана адистердин жардамын, ошондой эле айрым жарандардын өздөрүнүн макулдугун пайдалануу менен маалымдуу жана маалымдуу эмес негизде жеке катышуу аркылуу чечишет. Ушул Мыйзамда ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактар тарабынан изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө, сактоого жана маалыматтарды маалымдуу эмес негизде алуу үчүн арналган (иштелип чыккан, ыңгайлаштырылган, программаланган) атайын жана башка техникалык каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын изин суутпай издөөчү кичи бөлүмдөрү жазык-аткаруу кызматкерлери менен биргелешип жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунда изин суутпай издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууга укуктуу. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын тизмеси, ушул Мыйзам тарабынан гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн органдардын жетекчилери изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырууга толук укуктуу болгон изин суутпай иш жүргүзүүчү кичи бөлүмдөрдүн тизмесин, алардын ишин, ыйгарым укуктарын, структурасын жана ишин уюштурууну аныкташат. Изин суутпай издөөнү жүзөгө ашыруучу органдар, ушул Мыйзамда аныкталган милдеттерди Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам актыларында белгиленген өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде гана чечишет. Салык кызматынын органдары ушул Мыйзамдын 7-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-17, 20 жана 21-пункттарында көрсөтүлгөн изин суутпай издөө иш-чараларын колдонууга укуктуу. (КР 2001-жылдын 4-августундагы № 81, 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2003-жылдын 11-июнундагы № 98, 2003-жылдын 12-июнундагы № 105, 2004-жылдын 28-мартындагы № 52, 2008-жылдын 23-майындагы № 97, 2009-жылдын 11-мартындагы № 80, 2010-жылдын 24-февралындагы № 33 Мыйзамдарынын КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ N 128 декретинин, КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-17)
