# 15-статья. Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар жөнүндө маалыматтарды коргоо

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июля 2013 года № 129 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203937)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/138#diff=1288863..1288864>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 15-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-15

---

Маалымдуу эмес изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда пайдаланылуучу же пайдаланылган күчтөр, каражаттар, булактар, усулдар, пландар жана изин суутпай издөө ишинин натыйжалары жөнүндө, оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар жөнүндө, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттагы маалымдуу эмес кызматкерлери жөнүндө, аларга жашыруун негизде көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө, ошондой эле изин суутпай издөө иш чараларын уюштуруу жөнүндө жана аны жүргүзүүнүн тактикасы жөнүндө маалыматтар мамлекеттик сыр болуп эсептелет жана алар изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчисинин токтомунун негизинде гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн. Оперативдүү кызыкчылыктын объекттинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар жөнүндө, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттагы маалымдуу эмес кызматкери жөнүндө, ошондой эле жашыруун негизде аларга көмөк көрсөтүп жаткан же көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга алардын кат жүзүндөгү макулдугу менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет. Изин суутпай издөө иш-чарасын жүргүзүүгө укук берген чечим жана мындай чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп кызмат кылган материалдар изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдарда гана сакталат. Изин суутпай издөө ишинин натыйжаларын чагылдырган изин суутпай издөөнүн кызматтык документтери алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө, прокурорго, сотко, изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу башка органга ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда берилиши мүмкүн. (КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-16)
