# 14-статья. Изин суутпай издөө ишинин натыйжаларын пайдалануу

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 февраля 2010 года № 33 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/202922)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/138#diff=1288858..1288859>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 14-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-14

---

Изин суутпай издөө ишинин натыйжалары тергөө жана сот аракеттерин даярдоо жана жүзөгө ашыруу, кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча изин суутпай издөө иш -чараларын жүргүзүү жана аларды даярдап жаткан, жасап жаткан же жасаган адамдарды аныктоо жана белгилөө, ошондой эле алгачкы текшерүү, тергөө органдарынан жана соттон жашырынып жүргөн, жазаны аткаруудан качып жүргөн жана дайынсыз жок болгон адамдарды издөө үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Изин суутпай издөө ишинин натыйжалары жазык ишин козгоо үчүн себеп жана негиз болуп кызмат кылышы, алгачкы текшерүү органына, жазык иши өндүрүшүнө болгон тергөөчүгө, прокурорго же сотко берилиши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин далилдерди чогултууну, текшерүүнү жана аларга баа берүүнү регламенттеген жоболоруна ылайык жазык иштери боюнча далилдерде пайдаланылышы мүмкүн. Изин суутпай издөө ишинин натыйжаларын алгачкы текшерүү органына, тергөөчүгө же сотко берүү изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдын токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Ушул Мыйзамдын 8-статьясынын экинчи бөлүгүнүн 1-3 жана 5-пункттарында саналган адамдарга карата изин суутпай издөө ишинин натыйжалары, аларга иштин көрсөтүлгөн түрлөрүн жүргүзүүгө жол берүү жөнүндө маселени чечүү учурунда эске алынат. (КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-15)
