# 13-статья. Изин суутпай издөө ишин маалымат менен камсыз кылуу жана документтештирүү

- Документ: [Изин суутпай издөө иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/138)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-октябрындагы № 131 "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 16.10.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-126/edition/1288849/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/138/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Изин суутпай издөө иши жөнүндө, 13-статья (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-13

---

Изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар ушул Мыйзам тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн маалымат тутумун түзүшү, пайдаланышы, ошондой эле изин суутпай эсепке алуу иштерин ачышы мүмкүн. Изин суутпай эсепке алуу иштери ушул Мыйзамдын 8-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-6-пункттарында каралган негиздер болгон учурда, маалыматтарды чогултуу жана тутумга салуу, изин суутпай издөө ишинин натыйжаларын текшерүү жана ага баа берүү, ошондой эле алардын негизинде изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын тиешелүү чечимдерин кабыл алуу максатында ачылат. Изин суутпай эсепке алуу ишин ачуу фактысы адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле мыйзамдуу таламдарын чектөө үчүн негиз болуп эсептелбейт. Изин суутпай эсепке алуу иши ушул Мыйзамдын 11-статьясында каралган учурларда токтотулат. Изин суутпай эсепке алынуучу иштердин тизмеси жана аларды жүргүзүүнүн тартиби изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик актылары тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/138/st-14)
